Футзал боюнча улуттук курама Азия чемпиондугуна даярдыкты Орусиянын Москва шаарында көрөт. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, машыгуу сбору 16-23-декабрь аралыгында орун алат. Бул аралыкта улуттук курама 3 жолдоштук беттеш өткөрөт. Башкы машыктыруучу Андрей Полховскийдин жетекчилиги астында машыгуу сборуна 16 футболчу катышмакчы.
Курамды төмөнкү оюнчулар түзөт:
Дарбазачылар: Марлис Дегимбаев ("Эмгек" клубу), Виталий Зубарев (SRT), Николай Шамонин ("Фарватер");
Майдандагы оюнчулар: Эмил Канетов, Уланбек Байгазы уулу, Максатбек Алимов, Ильяс Чотбаев (баары "Динамо"), Дилшат Кадыров, Келкел Анарбеков ("Мурас"), Мирланбек Абдыкадыров (азырынча эч кайсы клубда ойнобойт), Азат Исабеков, Азамат Аскарбек уулу, Саламат Мамбеталиев, Акпаралы Данибаев, Каныбек Өмүрсултанов, Эркин Табалдиев (баары "Эмгек").