Франция курама командасынын чабуулчусу Карим Бензема улуттук курама командадан четтетилди. Мындай чечим кечээ, 10-декабрда кабыл алынып, Франциянын Футбол федерациясы расмий маалымат таратты.
Маалым болгондой, буга Бенземанын командалашы Матье Вальбуэнаны интимдик видеолор үчүн шантаждаганы себеп болду. Эми кырдаал өзгөрбөй турган болсо, Бензема Францияда өтө турган "Евро-2016" мелдешине (Европа чемпиондугу) катышпайт.
Бензема Франция курамасынын курамында 81 ирет майданга чыгып, 25 гол киргизген. Акыркы кездерде анын мол тажрыйба топтоп, улуттук курамадагы лидерлердин бирине айланганы маалым.
Кошумчалай кетсек, Европа биринчилиги 2016-жылы 10-июндан 10-июлга чейинки аралыкта өтөт. Мелдешке төмөнкү 24 команда катышат: Франция (үй ээси), Англия, Чехия, Исландия, Австрия, Португалия, Түндүк Ирландия, Швейцария, Испания, Италия, Бельгия, Уэльс, Албания, Румыния, Германия, Польша, Орусия, Словакия, Хорватия, Түркия, Швеция, Венгрия, Ирландия, Украина.