Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 14 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 14 өрт өчүрүү бөлүмү тартылды. Муну бүгүн, 11-декабрда Жарандык коргонуунун Өрткө каршы кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Бишкекте 3, Чүй облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 2, Ош облусунда 2, Ош шаарында 1, Ысык-Көл облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
"Кырсыктын келип чыгышына электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу, мештерди пайдаланууда өрттүн алдын алуунун эрежелерин сактабоо себеп болгон. Ошондой эле Аксы районунун Кербен шаарында Ж.Д. аттуу үй ээси мас абалында бөлмөдөгү сыналгы, 6 килем, төшөнчү, кийим-кечелерди өзү атайын күйгүзгөнү аныкталган",- деп жазылат маалыматта.