2016-жылы кыргыз жеринде II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт

10-декабрда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин, Улуттук олимпиада комитетинин жана спорт федерацияларынын жетекчилеринин жолугушуусу болду. Анда 2016-жылга карата мелдештердин календарын түзүү, бул жылга карата пландар, аткарылчу иштер тууралуу сөз болду.

Аталган агенттиктен кабарлашкандай, агенттиктин директору Шейшенкул Бакиров кийинки жыл олимпиадалык жыл экенин белгилеп, бул чоң мааниге ээ экенине токтолду. “Бул жыл өлкө үчүн чоң мааниге ээ. Олимпиада оюндарына даярдыктардан тышкары бул жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнү пландап жатабыз. Иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн бар күчүбүздү сарптайбыз”,- дейт Ш.Бакиров. Ал ушуга байланыштуу федерациялардын жетекчилеринен 2016-жылы өлкөдө Азия чемпиондугу, Дүйнө чемпиондугу сыяктуу ири мелдештерди өткөрбөй турууну суранды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
MuslimNur95
2015-12-11 13:29:43
жакшыраак даярдык коргуло бул жолкусунда озгочо нерселерди кошуп дуйно эли таанысын кыргызды
+1
Dadasdasd
2015-12-11 15:14:54
Кутом былтыркысында баралбадым . Быйыл атайын барам буйруса..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан