Өкмөт башчы Жети-Өгүздөгү жаңы мектептин ачылышына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
“Мындан ары мектептерде окуучулар үчүн бардык шарттар каралып, имараттардын тийиштүү талаптарга жооп берүүсү талап кылынат. Балдарга шарттарды түзүп берүү менен катар алардын сапаттуу билим алуусуна мүмкүндүк ачылат. Натыйжада келечекте алардын мыкты адистердин катарын толукташына ишеним арта алабыз”,- деди премьер-министр.
Билим берүү министри Эльвира Сариеванын маалыматына караганда, бүгүн өлкө аймагында 4 жаңы мектептин ачылышы болот.
Жаңы мектептер Жети-Өгүз районунан сырткары Ат-Башы районунда жана Талас, Ош облустарында да ачылат. "Жыл соңуна чейин 71 мектептин курулушун бүтүрүү пландалып жатат. Муну менен өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге көп мектеп салынат. Авариялык абалга келген имараттардын ордуна жаңы мектептердин курулушу өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан жүргүзүлүүдө",- дейт министр.