Волейбол боюнча өлкөнүн ардагерлер курамасы Орусиядагы эл аралык мелдеште 4-орунду ээледи

4-6-декабрь аралыгында Орусияда волейбол боюнча ардагерлер арасында эл аралык мелдеш болду. 8 команданын катышуусунда өткөн мелдеште Кыргыз Республикасынын курамасы 4-орунду ээледи.

КРнын Волейбол федерациясынан кабарлагандай, мелдешке 50 жаштан жогорку курактагы спортчулар катышты. Кыргыз спортчулары тайпада 2-орунду ээлеп, кийинки баскычка чыгышты. 3-орун үчүн беттеште алар орусиялык спортчуларга утулуп, 4-орунду ээлеп калышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан