Эң көп нускалуу "Супер-Инфо" гезитинин эки кабарчысы адам укуктарын чагылдыруу боюнча мыкты журналисттик иликтөө үчүн өткөн сынакта сыйга татышты

Эң көп нускалуу "Супер-Инфо" гезитинин кабарчысы Асхат Субанбеков адам укуктарын чагылдыруу боюнча мыкты журналисттик иликтөө үчүн өткөн сынакта 3-орунду алды. Ал "Супер-Инфо" гезитине жарыяланган "5 баласын социалдык кызматкерлерге алдырган эне" деген макаласы үчүн сыйланды.

Ошондой эле гезиттин дагы бир кабарчысы Гүлжан Асанкожоева сынакта “Камакка алуу, мыйзамсыз кармоо, уруп-сабоо жана кыйноолорго байланыштуу маселелерди чагылдыруу боюнча” атайын номинациясында кызыктыруучу сыйлыкка ээ болду. Ал "Супер-Инфо" гезитине жарыяланган «Аскерге кеткен уулумдун көк ала болгон сөөгү келди» деген макаласы үчүн сыйланды.

Аталган сынак адам укуктары менен эркиндиктерин сыйлоого жана сакталышына көмөктөшүү максатында өтүп, ага жалпысынан гезит, радио жана интернет басылмаларында иштеген 65 журналисттин материалы келип түшкөн. Уюштуруу тобу алардын ичинен 9 журналисттин иликтөөсүн тандап алып, сыйлык берди. Сынакты Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча институту (IWPR) уюштурду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Bonia9189
2015-12-12 19:07:21
Азаматсыздар сыйлыгыныздар кут болсун,ак эмгек менен адал тамак жеп иштегендин узуру,дагы дагы багындыруучу сыйлыктарыныздар алдыда.
+4
12.12.12
2015-12-12 19:13:29
Молодцы. Удачи вам. Дагы коп макала жарата бергиле.
+4
udacha.kg
2015-12-12 21:05:12
Ушундай Ак мээнетинерден жазбагыла. Алган сыйлыгынар кут болсун!
+3
maks1980bishkek
2015-12-13 11:55:10
Суперсинер!куттуктайбыз,ийгилик дайыма коштоп журсун!
+2
missO
2015-12-14 09:33:38
куттуктайм!)
+1
adi_tip
2015-12-14 09:38:52
Азаматсынар! бул силердин ийгилигинердин чети гана болсун. Мындан дагы чон-чон ийгиликтерди каалайм... Алга куйкум создун ээлери...
+1
Шаиста Шатманова
2015-12-14 10:32:29
Чексиз кубанычтамын! Аскат, Гүлжан калемиңер курчусун! Силер багынта тургна ийгиликтердин башталышы эле, бул сыйлык!
+2
Гүлжан Асанкожоева
2015-12-14 10:56:37
Шаиста Шатманова, Чооң рахмат, сиздердин сүрөөн менен, сиздер салган жол менен жетишип жатабыз! Жалпы жамааттын ийгилиги бул :)
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан