12-декабрда Париж шаарында (Франция) 2016-жылы өтчү футбол боюнча Европа чемпиондугунун финалдык баскычына чыккан командаларды тайпаларга бөлүштүрүү иш-чарасы өттү. Чүчү кулактын жыйынтыгында мелдешке жолдомо алган 24 команда төрт-төрттөн 6 тайпага бөлүштүрүлдү.
Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, үй ээси Франция курамасы "А" тайпасына түштү. Тайпалык баскычта франциялык футболчулар Румыния, Албания жана Швейцария курамалары менен беттешет. Ал эми учурдагы Европа чемпиону Испания курамасы "D" тайпасында Чехия, Түркия жана Хорватия курамалары менен ойнойт.
Мелдешке катыша турган 24 команда тайпаларга төмөнкүдөй тартипте бөлүндү:
|
|||||||||||||||||||||||||||||||||
Кошумчалай кетсек, "Евро-2016га" тандоо турунун жыйынтыгында 23 команда жана үй ээси Франция жолдомо алган. Биринчи ирет 24 команданын катышуусунда өтчү мелдеш Франциянын 10 шаарында 10-июндан 10-июлга чейинки аралыкта өтөт.