Орусиянын жарандыгын алган мушкер Рой Жонс Москвада беттеш өткөрүп, атаандашына нокаут менен утулду (фоторепортаж)

Орусиянын жарандыгын алган америкалык мушкер Рой Жонс 12-декабрда Орусиянын желеги астында алгачкы беттешин өткөрдү. 46 жаштагы Рой Жонс британиялык Энцо Маккаринелли менен беттешип, 4-раундда нокаутка учурады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мушкерлер Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясы (WBA) менен чемпиондук наам боюнча макулдаша алышкан эмес. Ошол себептүү бул беттеш чемпиондук статуска ээ эмес болчу. Мушкерлер рингге чыккандан тарта Рой Жонс активдүү болуп, алгач мыкты формада экенин көрсөттү. Орусиялык бокс сүйүүчүлөрү Ройго жан тартып, катуу сүрөөнгө алышты. Рой Жонс 4-раундда коргонууга туруп, атаандашынын арты-артына чабуул уюштуруусуна жол берип койду. Бул кечирилгис катаны атаандашы пайдаланып, таамай сокку узатуу менен аны терең нокаутка учуратты.

Кошумчалай кетсек, Р.Жонс Орусиянын жарандыгын ушул жылдын октябрь айында алган. Ал профессионалдык рингде түрдүү салмак категорияларында 71 беттеш өткөрүп, анын 62синде жеңишке жетишкен. 9 ирет жеңилүү ызасын тарткан. Ал эми Маккаринелли бул жолу 46-ирет рингге чыгып, 39-жеңишине жетишти.

Рой Жонс - Энцо Маккаринелли. 12-декабь, 2015-жыл. Рой кайра утулуп калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Mars55
2015-12-13 15:43:53
Рой Джонс каарыды эми эс алса болот.Негизи кучтуу боксер бираз алашемдикге жол берип койгону барда.
0
kirgizstan
2015-12-13 15:46:53
Твдан реклама реклама болуп жатты эле. Уят болуптур да
0
elgiz0890
2015-12-13 20:17:09
рой жонс гражданствону актабаптырда
0
Batu12
2015-12-13 22:13:08
Эртен баарынар банга тике карагыла...
-1
Moskva.kg
2015-12-14 02:02:54
Бокс боюнча россиянын аброю которулсун деген максаты тилеке каршы ишке ашбай жаман болуптур,ортодо ото чон сумма коюлган ошондуктан Россиянын жарандыгын алган эми тезинен кайра чыгып кетиши керек
0
dasta
2015-12-14 08:05:47
Жалка болуптурда бечара.. кантседа жашы оттуда каарып
0
admin_portal
2015-12-14 16:33:00
hanisa, kirgizstan, mirlan15, nurchik05, KASTOR KASYM, bek040295, chyngyz-KG, Taku.14.02 - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
admin_portal
2015-12-14 16:34:00
Сайттын же гезиттин кадыр-баркына шек келтирген, далили жок жалган жалаалар жазыла турган болсо колдонуучу сайттан эскертүүсүз түбөлүк четтетилет.
0
Manaskg.1
2015-12-15 01:35:46
Жерин саткан адамга хуже корсотуш керек бул аз болсун. Кыргызда Макал бар эмесби боору баласы ит болбойт деген желекти Алып чыкканыга олойунбу дагын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан