Бишкекте өткөн тогуз коргоол мелдешинде кыргыз кыздары алтын медалдан куру калышты, уландар арасында кыргыз спортчусу жеңишке жетишти

12-декабрда Бишкекте залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган тогуз коргоол боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркиядан келген 121 спортчу катышты. Жыйынтыгында кыз-келиндер жана уландар арасында жеңүүчүлөр аныкталды.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, уландар арасындагы мелдеште баш байгени кыргыз спортчусу багындырды. Ал эми кыз-келиндер арасында кыргыз спортчулары мөрөйдү казак кыздарына тарттырып жиберишти.

Уландар арасында байге алган спортчулар:

1-орун: Кубан Сазаев (Кыргыз Республикасы)

2-орун: Муратали Исмаилов (Кыргыз Республикасы)

3-орун: Медет Хусайынов (Казакстан)

Кыз-келиндер арасында байге алган спортчулар:

1-орун: Салтанат Сапарбекова (Казакстан)

2-орун: Карагул кызы Назым (Казакстан)

3-орун: Жаңыл Сагынбекова (Кыргыз Республикасы)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан