19-декабрда Бишкекте кулатуу боюнча профессионалдар кыргыз жана казак мушкерлеринин катышуусунда мелдеш орун алат. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк кулатуу федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул күнү жалпысынан 15 беттеш орун алары күтүлүүдө. Анын ичинен кыргыз мушкерлери 5 рейтингдик беттеш өткөрүшөт. Калган 10 беттеште кыргыз спортчулары казак мушкерлерине каршы турушат.