Бүгүн, 14-декабрда УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын 2015-2016-жылкы сезонунун жарым чейрек финалына карата чүчү кулак ташталды. 32 команданын катышуусунда өткөн мелдеште 8 тайпада алдынкы 2 орунду багындырган төмөнкү 16 команда кийинки баскычка чыккан: “Барселона”, "Реал", "Атлетико" (Испания), "Рома", "Ювентус" (Италия), “Бавария”, "Вольфсбург" (Германия), "Челси", “Арсенал”, "Манчестер Сити" (Англия), “Динамо” (Киев, Украина), “Зенит” (Орусия), "Гент" (Бельгия), ПСЖ (Франция), ПСВ (Голландия).
Кийинки баскычта командалар экиден оюн өткөрүп (үйдө жана конокто системи боюнча), 2 оюндун жыйынтыгында гол катыштыгында утулуп калган команда мелдештен четтейт. Уткан команда болсо чейрек финалга жолдомо алат.
Чүчү кулактын жыйынтыгында командалар төмөнкү тартипте ойномой болушту:
"Реал" (Испания) - "Рома" (Италия)
"Вольфсбург" (Германия) - "Гент" (Бельгия)
"Атлетико" (Испания) - ПСВ (Голландия)
"Манчестер Сити" (Англия) - "Динамо" (Киев, Украина)
"Барселона" (Испания) - "Арсенал" (Англия)
"Бавария" (Германия) - "Ювентус" (Италия)
"Челси" (Англия) - ПСЖ (Франция)
"Зенит" (Орусия) - "Бенфика" (Португалия)