2016-жылы футбол боюнча улуттук курама команда 8 жолдоштук беттеш өткөрүшү мүмкүн. Футбол федерациясы кабарлагандай, азырынча дал ушундай план бар. Бирок эки тараптуу сүйлөшүүлөр канчалык деңгээлде жыйынтык берерин убакыт көрсөтөт.
Маалыматка ылайык, улуттук курам Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында акыркы беттешин 2016-жылы 29-мартта Тажикстан курамасына каршы өткөрөт. Бул беттештен кийин федерация 8 жолдоштук беттеш уюштурууну пландоодо.
Учурда кыргыз өлкөсүнүн федерациясы бир катар мамлекеттердин футбол федерациялары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Азырынча 2-июнда Иран курамасы менен, сентябрда Филиппин аралдарынын курамасы менен беттеш өтөрү болжонууда. Ошондой эле Катар, Бириккен Араб Эмираттары, Өзбекстан жана Казакстан курамалары менен оюн өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Федерация буга катар Польша, Хорватия курамалары менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.