Казакстандын чек арачылары Астана - Бишкек каттамы менен жүргөн автобустун дааратканасында жашынган 5 адамды табышты. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, 13-декабрда саат 03:40 чамасында "Мерке" көзөмөл-өткөрүү жайында аталган автобус токтотулуп, текшерүүгө алынган. "Чек арачылар автобустун салонундагы кулпу салынган даараткананы байкашкан. Алар айдоочудан даараткананын эшигин ачууну талап кылышканда, ал "ачкычты жоготуп алдым" деген шылтоону айтты. Чек арачылар сындыруу жолу менен эшикти ачканда, даараткананын ичинде 5 адам отурган. Алардын үчөөсүнүн миграциялык карталары жок экени белгилүү болду, ал эми калган экөөсүнүн бир да документи жок экени аныкталды. Алардын баары кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Эгер айдоочунун күнөөсү аныкталса, ал дагы кылмыш жоопкерчилигине тартылмакчы",- деп жазылат маалыматта.