Көп кабаттуу үйлөрдүн чатырларындагы тоңгон муздарды тезинен жок кылуу зарыл. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу 15-декабрда билдирди. Анын айтымында, Бишкектин Киев менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн чатырларынан жерге түшөйүн деп калган айрым муздардын узундугу 1 метрге жетет. “Алар өтүп бараткан адамдын башына тийсе, кырсык болорунан шек жок”,- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.