Спортчу Валентина Шевченко Америкада эрежесиз эр уруш боюнча кезектеги беттешин өткөрөт

Кыргыз спортчусу, учурда келишимдин негизинде Перунун желеги астында күчүн сынап жүргөн Валентина Шевченко эрежесиз эр уруш боюнча мушташ өткөрөт. Ал 19-декабрда АКШда өтө турган "UFC on Fox" мелдешине катышмакчы. Маалыматка ылайык, анда ал 8 бурчтукта канадалык Сара Кауфман менен кез келет. Беттеш 61 килограмм салмакта өтөт. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.

Кошумчалай кетсек, мелдештин расмий сайты В.Шевченконун эрежесиз эр урушта буга чейин беттештерди өткөрүп жүргөнүн белгилейт. Бул жолу ал UFC (Мушкерлердин абсолюттук биринчилиги) уюштуруп жаткан мелдешке алгачкы жолу катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Lumia-800
2015-12-16 09:21:59
Эмне кылыш керек? Спонсор жок болсо ар мамлекетттин атынан чыгат да.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан