Бишкекте кыздар арасында футбол боюнча шаар биринчилиги өтүүдө

Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин манежинде 2003-2004-жылы туулган кыздар арасында футбол боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги өтүүдө. Жалпысынан калаанын 8 командасынан 130 футболчу катышып жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган мелдешти өткөрүүнү Бишкек шаарынын футбол ассоциациясы жана Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети көзөмөлдөп, жетектейт. 14-15-декабрда мелдештин биринчи жана экинчи туру болуп өттү. Бүгүн оюндун үчүнчү туру орун алат. 18-декабрда финалда жеңүүчүлөр аныкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан