Ош. Туран кичи районундагы үйдөн чыккан өрттөн 3 адам жабыркады, анын экөөсү жаш балдар

Ош шаарындагы Туран кичи районунда аянты 50 чарчы метр, жыгач устундуу, шифер менен жабылган турак үйдөн өрт чыккан. Анда үйдүн чатыры, эки бөлмө, анын ичиндеги эмеректер, 30 даана төшөк, 6 даана килем күйгөн. Бул тууралуу 16-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттүн кесепетинен үч адам күйүк алган. Алар:

  1. 1984-жылы туулган Адина Розбаева - бети, эки колу, эки бутунун 12 пайызы күйгөн ( I-II AB даражадагы күйүк алган).
  2. 2011-жылы туулган Абас Розбаев - бети, колунун 5-7 пайызы күйгөн ( I-II AB даражадагы күйүк алган).
  3. 2009-жылы туулган Муслима Сабитова - бети, эки колу, эки бутунун 30 пайызы күйгөн ( I-II AB даражадагы күйүк алган).

Өрттөн жабыркагандар Ош облустук күйүк бөлүмүнө "Тез жардам" аркылуу жеткирилишкен. Өрттүн себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан