6-11-декабрь аралыгында Казакстанда жаа атуу боюнча кыз-келиндер арасында эл аралык мелдеш болуп өттү. Казакстандын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Шертай Амирбековдун жаркын элесине арналган мелдешке Кыргыз Республикасынын желеги астында 6 спортчу катышып, 2 медаль утушту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына машыктыруучу Кылычбек Нурманбетов билдирди.
Анын айтымында, мелдешке катышкан 6 кыргыз кызынын үчөө улуттук курамдын мүчөлөрү болсо, 3 кыз алгачкы жолу эл аралык мелдешке катышты. Алардын ичинен Асел Шарбекова кыз-келиндер арасында 1-орунду багындырып, алтын медаль тагынды. Экинчи медалды өспүрүмдөр арасында Айтурган Манапкулова алып келди. 12 жаштагы А.Манапкулова өспүрүмдөр арасында күчүн сынап, 2-орунду багындырды.
"Бул мелдеш жалпы календарга кирбей калганына байланыштуу Казакстанга өз каражаттарыбыз менен барып келдик. Мындан да жакшы жыйынтык көрсөтсөк болмок, бирок биздин жааларыбыз профессионалдык болбой, максатыбызга жетпей калдык",- дейт К.Нурманбетов.