Кечээ, 15-декабрда Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча өлкө чемпиондугу жыйынтыкталды. Анда өлкөнүн бардык аймактарынан 100дөн ашык спортчунун арасында 7 салмак категориясында жеңүүчүлөр аныкталды. Жыйынтыгында Эсенбек уулу Амангелди (55 килограмм салмакта), Урматбек уулу Руслан (60 кг), Эрбол Абдыбеков (66 кг), Шамшидин уулу Кененбек (74 кг), Сагынбек уулу Эрлан (84 кг), Чыңгыз Чалабаев (96 кг) жана Кадыр Келсинбеков (96 килограммдан жогорку салмак) сыяктуу балбандар жеңүүчү аталышты.
Кошумчалай кетсек, жеңүүчү аталган спортчулар "Кыргыз Республикасынын Спорт чебери" наамдарын алышты.