Кышкы трансферлер: Өлкөбүздөгү футболдук клубдарга оюнчуларды сатууга жана курамына кошууга 20-декабрда уруксат берилет

Кыргыз мамлекетинде кышкы трансферлердин убактысы 20-декабрдан 2016-жылдын 10-мартына чейин болмокчу. Бул аралыкта өлкө чемпиондугунда ойногон футболдук клубдар курамын күчтөөгө, өз оюнчуларын сатууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул тууралуу Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) расмий сайты кабарлайт.

Дүйнөлүк практикада кышкы трансферге мынчалык көп убакыт саналуу аймактарда гана берилет. Мисалы, Европада кышында сезон күчөп турган маал болот жана бул убакытта трансферге 1 айдан ашпаган убакыт берилет. Айрым өлкөлөрдө трансферге мынчалык мөөнөт берилгени өлкө чемпиондугунун апрель айында башталып, кеч күздө жыйынтыкталганы менен да байланыштуу. Европадан айырмаланып, бизде жайкы трансферге кыска убакыт каралган (30-июндан 30-июлга чейин).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан