Көп улуттуу калк жыш жайгашкан Сузак районунун Сузак айылында жергиликтүү милициянын демилгеси менен курулган Коомдук алдын алуу борборунун ачылуу аземи өттү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ачылуу аземинде Жалал-Абад ОИИБинин жетекчилиги, АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Шейла Гуолтни, жергиликтүү калк, милициянын ардагерлери жана жаш жардамчылары, Сузак РИИБинин өздүк курамы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Коомдук алдын алуу борборунун мүчөлөрү катышты.
"Сузак айылындагы колдонууга берилген бул имаратты жергиликтүү милиция демилге көтөрүп, аны эл аралык уюмдар колдоого алышкан (Safeworld, “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фонду). Ошондой эле АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин баңгизат каражаттарын эл аралык жүгүртүүгө каршы күрөшүү кеңсесинин каржылоосунда ишке ашкан жана жергиликтүү администрация да өз бюджетинен курулушка көмөк көрсөткөн",- деп жазылат маалыматта.
Иш-чаранын жүрүшүндө Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Ж.Жоробеков сөз сүйлөдү. “Бул жерде жергиликтүү өкмөт, милиция жана коомчулук тобунан куралган Коопсуздукту камсыз кылуу форуму иштей баштады. Борбор толугу менен керектүү жабдыктар менен жабдылды. 80 пайыздан ашык башка улуттун өкүлдөрү жашаган Сузак айыл өкмөтүндөгү бул борбор улуттар аралык ынтымакты чыңдоого, элдин бейпилдигин, тынчтыгын сактоого салым кошуп, кыздардын эрте турмуш куруусун, жаштардын диний-радикализм жана экстремизм жагдайларына азгырылышынын жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатын көздөйт”,- деди Жоробеков.