Жаңы жыл алдында дүйнөнүн ири шаарлары өзгөчө кооздукка бөлөнөт. Ар бир мамлекет балатыны эсте каларлык кооз жасоого аракет кылат. Учурда чет өлкөлөрдө бири-бирине окшобогон балатылар көз сүйүнтүп турган кез. Аны менен катар Бишкек шаарында да башкы балатыны орнотуу иштери кызуу жүрүп жатат. 1530 жасалма бутактардан куралган балатыга 64 миң жарык берүүчү чырак орнотулат.
Франциядагы "Galeries Lafayette" ири дүкөнүн 25 метрлик балаты кооздукка бөлөп турат.
Нью-Йорктогу майрамдык балаты.
Мадрид шаарына орнотулган балаты толугу менен чырактар менен кооздолгон. Анын ичине да кирсе болот.
Ливандагы портто жасалгаланган балатынын бийиктиги 35 метрди түзөт.
Австралия, Мельбурн шаары.
Гондурас. 3000 адамдын катышуусу менен жасалган балатынын өзгөчөлүгү бааланып, ал "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизилди.
Таллин шаары.
Италия, Турин шаары.
Бразилия, Рио-де-Жанейро шаары.
Литва, Вильнюс.
Италия, Губбио.