Башкы прокуратура Кадамжайдын прокурорунун орун басарынын атылган кийиктер менен сүрөткө түшкөнүн иликтеп жатат

Башкы прокуратуранын Ички коопсуздук кызматы Кадамжай прокурорунун орун басары Алтынбек Акимбаевдин атылган кийиктер менен сүрөткө түшкөнү боюнча иликтөө жүргүзүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, кызматтык иликтөө иштери эки күн мурун, 14-декабрда башталган. “Иликтөөнү Баткен облусунун прокурору жана анын кол алдында иштеген кызматкер алып барат. Жыйынтык 10 күндүн ичинде белгилүү болот. Эгер Кадамжай районунун прокурорунун орун басары кийикти мыйзамсыз атканы далилденсе, ага карата тартиптик чара көрүлөт же жумуштан бошотулушу мүмкүн”,- дешти басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, ушундай эле кызматтык иликтөөнү, өлтүрүлгөн кийиктер менен сүрөткө түшкөн инспектор Искендер Жолдошовго карата Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясы жүргүзүүдө.

Эскерте кетсек, 14-декабрда окурман мамлекеттик органдардын кызматкерлери тоо текелерди атып, жаратылышка зыян келтирип жатканын билдирген эле. Ал "Чара көрүлөбү же чиновниктерге боло береби?" деген суроону койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Ago
2015-12-16 17:57:42
Кийикти мыйзамдуу дагы атканга болбойт прокурорлорго
0
Rifle_2
2015-12-16 18:02:04
Смартфонуникут болсун окурман !!!
0
edu.kg.
2015-12-16 18:03:54
Булар бир эле кийик эмес башка жаныбарларды да атышкандыр анчылык кылып ойноп. Суротто уч кийик атышыптыр билинип турат айырмаланып. Колдору менен кылганын мойундары менен тартышсын. Мекенди коргогула деп калатурган болсо,анчылык кылып конул ачкан мергенчилеринди таппай калсан керек.
+2
AiBoru
2015-12-16 20:02:58
edu.kg., ооба, 3турдуу болуп турат кийиктер. Бир эле кийик атылган дегени калп. Мумкун андан да коптур...
0
Nemo_0587
2015-12-16 22:31:52
Текени атып сотсетке чыгарганын кантип эле тиешелуу орган кызматкерлери корбой калды тан каласын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан