Ноябрь айынын соңунда ФИФА (Эл аралык футбол федерациясы) 2015-жылдын мыкты футболчусу катары "Алтын топ" сыйлыгына негизги 3 талапкерди тандаган. Аларды тандоодо дүйнөдөгү бардык курама командалардын капитандары, машыктыруучулары добуш беришкен. Жалпы добуш боюнча сыйлыкты аргентиналык Лионель Месси, португалиялык Криштиану Роналду же бразилиялык Неймар үчөөнүн бири ала турганы белгилүү болгон.
Кыргыз мамлекетинин футбол боюнча улуттук курамасынын капитаны катары добуш берүүгө Талант Самсалиев катышкан. Ал SUPER.KG порталына кайсы футболчуларга добуш бергени тууралуу айтып берди. Т.Самсалиев алдынкы үчтүккө киргизген футболчулардын катарында Месси, Роналду жана Неймар жок. Ал добушун Златан Ибрагимович (Швеция), Томас Мюллер (Германия) жана Мануэль Нойер (Германия) сыяктуу футболчуларга берген.
*
Улуттук кураманын коргоочусу, капитаны машыктыруучулардын алдынкы үчтүгүнө Жозе Моуринью, Карло Анчелотти жана Диего Симеоне сыяктуу машыктыруучуларды киргизген.
Кошумчалай кетсек, 2015-жылдын жыйынтыгы 2016-жылы 11-январда чыгарылып, сыйлык ээси Швейцарияда өтө турган салтанаттуу иш-чаранын алкагында белгилүү болот. Анда "Жылдын машыктыруучусу", "Мыкты футболчу", "Мыкты айым футболчу", "Кыз-келиндер курамасын машыктырган мыкты машыктыруучу", "Пушкаш атындагы кооз гол сыйлыгы" жана башка бир катар наамдар боюнча жеңүүчүлөр аныкталат. Ошондой эле дүйнөнүн мыкты футболчуларынын символикалык курамасы түзүлөт.
Бул сыйлыктардын ичинен эң абройлуусу - "Мыкты футболчу" наамы. Азырынча бул наамга талапкерлердин аттары жазылып, даярдалып жатат.