12-13-декабрь аралыгында Астана шаарында каратэ боюнча Казакстандын 19-Ачык биринчилиги болуп өттү. Шинкиокушинкай түрү боюнча өткөн мелдешке балдар, жаштар жана өспүрүмдөр катышты. Анда 5 жаштан 24 жашка чейинки курактагы спортчулар түрдүү салмак жана жаш категорияларында жеңүүчүлөрдү аныкташты.
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, кыргыз желеги астында анда 8 спортчу күч сынады. Жыйынтыгында алар 7 медаль тагынышты (2 алтын, 2 күмүш жана 3 коло).
10-11 жаштагы спортчулар арасында 35 килограмм салмакта эки кыргыз спортчусу финалга чыкты. Жыйынтыгында Нурсултан Шамансуров атаандашы Дуруспек уулу Даниэлди утуп, алтын медалды багындырды. 14-15 жаш курагындагы спортчулар арасында 45 килограмм салмакта Роман Банько алтын багындырды.
16-17 жаштагы спортчулар арасында 60 килограмм салмакта Эльнур Гайнутдинов күмүш медаль тагынды.
8-9 жаштагы спортчулар арасында Дима Бервинов, 12-13 жаштагылар арасында Канатбек уулу Чыңгыз, 18-24 жаштагы спортчулар арасында Айдын Махмудов коло медаль тагынышты.