Ошто кароосуз калган сейил бак толугу менен оңдолду

Ош шаарынын Манас-Ата кичи районундагы кароосуз калган “Семетей” сейил багы толугу менен оңдолуп, 16-декабрь күнү ачылыш аземи болду. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев башында турган мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары, бардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Калаа башчысы шаардыктардын эс алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү мэриянын приоритеттүү багыттарынын бири экенин белгиледи. “Быйыл шаарыбыздагы 4 сейил багын толугу менен
оңдоп-түзөөнү пландаганбыз. Учурда баары иш жүзүнө ашып, тургундарга пайдаланууга берилди. Алардын бири - “Семетей” сейил багы.
2016-жылы Ош шаарындагы бардык сейил бактар реконструкцияланып, жергиликтүү жашоочулардын эс алуусуна толугу менен ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Ошондой эле ушул жылы пайдаланууга берилген Ататүрк атындагы сейил багына элдин эс алуусу менен катар ден соолуктарын чыңдоосу үчүн спорттук инвентарларды орнотууну пландап жатабыз”,
- деди А.Кадырбаев.

Буга чейин Манас-Ата кичи районунда шаардыктардын эс алуусуна шарттар жок болгондугун айткан тургундар эми ушундай сейил бактын ачылышына кубанышып, калаа башчысына ыраазычылыктарын билдиришти. Жалпы аянты 8506 чарчы метр болгон “Семетей” сейил багынын тендердик баасы 2,5 миллион сомду түзгөн. Анын негизинде 980 чарчы метр жерге таш төшөлгө төшөлүп, 28 түнкү жарыктандыруучу чырак, 28 даана отургуч, 28 даана таштанды челеги, 270 п/м узундукка темир тосмо, 300 метр арыкка лотоктор орнотулуп, ирригация системи жаңыланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Rifle_2
2015-12-16 18:06:37
Жакшылап колдонгула ! Кут болсун оштуктар ! Спирт ичимдик ичкендерди киргизбегиле !
+9
Ruslan_d
2015-12-16 18:08:01
Жакшы кабар рахмат ушундай иштерди жазасанар ар дайым элдин алкышын аласынар!
0
Belekbai
2015-12-16 19:39:39
Студенттер шаарчасындагы кичи сейил багын да карап койсо жакшы болот эле. Сейил бактын ичи толо кафе ичимдик ичуучу жерлер курулуп толуп кеткен сейилдеп басканга болбой калган!!
0
Belekbai
2015-12-16 19:47:19
Эгерде ошондой корунуш Орусияда же башка олкодо болгондо ошол аймактын жашоочулары чыгып сейил бакка эч нерсе салдыртпай биз бала чака мн сейилдеп баскан жер деп чуу которушмок. Биздин адамдарга баарибир конул деле бурушпайтго
+2
aikol87
2015-12-16 20:22:27
Belekbai,туура айтасын даже домдун алдындагы кичине площадь ка жолотушпайт.
0
aikol87
2015-12-16 20:23:12
Ошто кар жокко.
0
Qnet
2015-12-16 20:53:13
Бат эле ондоп койушту!Азаматтар!Рахмат!
0
Oolokon
2015-12-16 21:03:32
Негизи мэр жакшы иштеп жатат!!!
-3
saltanat2015
2015-12-16 23:17:05
Кудай буюруса барсак эс алат экенбизда,биздин уйдун жанында.
0
boss1991
2015-12-17 12:05:00
Иштешти Оштон уйронгуло. Бизде кышында гулдор гулдойт да минип. Тазалык ар бир подьедге чейин жуушат, гулдор кышында гулдойт. союз убагынан бери суу чыкпаган горная полянага суу чыкты биринчи жолу, газ берилбеген жакка газ жетти. копуро курулду дагы эки жаны копуро курулуп атат. футбол академиясы курулуп баштады. онуго бер осо бер Ошум!
0
pirim77
2015-12-17 12:06:29
Биздин черемушкидеги сейил бак ондолгон. жарык болуп жаркырап эле калды. Жениш паркы менен Токтогул паркын ондошсо рахмат дээр элек. болбосо менчиктей
0
pirim77
2015-12-17 12:07:38
Аларды да меничктей башташыптыр. навои паркын экс мэр арендага берген экен бут басарга жер ок аттракциондордон баш айланат . мурда ал бакка кирип эс алып чыкчу элек. ошону да кайтарып алышса сонун болот. ийигилк кадырбаевге.
0
kabyl93
2015-12-17 14:21:17
Урматтуу супер инфо жооп берип коюнуздарчы кыргыз тилинде кош келиниздер болобу же куш келиниздер болобу рахмат алдын ала
0
Aktilek81
2015-12-17 15:18:53
kabyl93, экоо тен колдонула берет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан