11-13-декабрь аралыгында Казакстандын Атырау шаарында спорттук жана уруш түрүндөгү самбо боюнча Азия чемпиондугу болуп өттү. Бул күндөр аралыгында жалпысынан 67 комплект медаль ойнотулуп, кыргыз спортчулары 31 медаль багынтышты.
Эл аралык самбо федерациясы кабарлагандай, кыргыз спортчуларынан Калысбек Токтосун уулу (74 килограмм салмакта), Кубанычбек Көкүмов (100 килограммдан жогорку салмак), Анара Жумали (48 кг) жана Нуржанат Бекматова (44 кг) Азия чемпиону аталышты. Алардан тышкары 8 кыргыз спортчусу күмүш, 19 спортчу коло медаль тагынды.