Дүйнөнүн 43 өлкөсүнүн балдары катышкан билим олимпиадасында кыргыз жеринен барган окуучу 3-орунду ээледи

2-11-декабрь аралыгында Түштүк Кореянын Тэгу шаарында так илимдер предметтери боюнча 15 жаш курагынан ашпаган окуучулардын Эл аралык олимпиадасы болуп өттү. Анда катышуучулар химия, биология жана физика сабактары боюнча билимдерин көрсөтүштү. Жыйынтыгында дүйнөнүн 43 өлкөсүнүн окуучулары катышкан билим олимпиадасында жергебиздеги Нарын лицейинин окуучусу Чыңгыз Тилебалдиев 3-орунду ээледи.

"Себат" билим берүү мекемесинен кабарлашкандай, аталган олимпиадага мамлекетибиздин желеги астында “Себат” Эл аралык билим берүү мекемесинин 5 окуучусу: Данияр Шерали уулу, Ислам Бекташев, Ильяс Батырбеков, Чыңгыз Тилебалдиев жана Кылым Соодонбеков катышкан.

Кошумчалай кетсек, бул Эл аралык так илимдер предметтери боюнча олимпиада (Internation Junior Science Olympiad, IJSO) 2004-жылдын декабрынан баштап жыл сайын өткөрүлүп келет. Катышуучу өлкө 6 окуучудан турган командасы жана 3 жетекчиси менен катышууга укуктуу. Бул олимпиада 3 баскыч менен өтөт: тест, теоретикалык жана эксперименталдык тур.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
sagyn91
2015-12-16 21:21:48
Жакшы жанылык деп ушуну айтса болот. Ийгилик сага
+4
88inara88
2015-12-16 21:56:09
Дагыда да болсо талыкпай билим алып коптогон ийгиликтерге жетиш.
+7
saltanat2015
2015-12-16 23:12:44
Азамат,дагы ийгилик.
+1
tasnim
2015-12-17 00:02:41
Оо жакшы жанылык го,баракелде
+2
mira77
2015-12-17 00:27:05
Азамат . Ийгилигин кут болсун . Менин кызым да Себатта окуйт . Билим беруулору жакшы .
+2
kykenbai
2015-12-17 00:49:01
Дуйнолук олимпиядаларда Себат билим беруу мекемелеринин окуучулары коп эле орундарды ээлеп азыр Google, Microsoft жана башка атактуу фирмаларда иштеп жургон уул кыздарыбыз коп. Эмнеге эле биздин кээ бир жердштерибиз ушул мекемелерге ардайым эле каршы боло беришет.
+3
elya82
2015-12-17 01:16:04
Оркуну оссун,омуру узун болсун мындан аары да коп,коп ийгиликтерге жетишип кыргызымдын атын дагы да коп олколорго тааныта бер
+2
Mars55
2015-12-17 01:59:49
эх кандай соонун кыргызым алга билимдуу бололу.
+4
Aiya9322
2015-12-17 02:01:22
Менин иним Ильяс Батырбеков! Сыймыктануу менен окуп жатам. Азаматсынар!
+2
Nurluujan16
2015-12-17 05:59:34
Кандай сонун!
-2
aku
2015-12-17 08:29:59
Азаматтар. Эркек балдар кобунчо так илимдерден кыйын болушат.
0
amanatym
2015-12-17 09:42:26
эн сонун жанылык, ийгилик дагы алдыда.
0
asad345
2015-12-17 09:43:50
Чыныгы патирот ушундай болот, азаматсын
0
Aselina_kg
2015-12-17 10:33:04
Аззаматтар
0
alirun
2015-12-17 11:25:08
Кубанасын да, уучубуз кур эмес, ушундай уулдар турганда, олкобуздун онугуусуно терен ишенсе болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан