Кыргыз Республикасында калктын 58 пайызы бойго бүтүүдөн сактануу ыкмаларын колдонушпайт. Бул тууралуу маалымат КРнын Улуттук статистика комитетинин отчётунда белгиленүүдө.
Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, эркектердин 10,4 пайызы презервативди колдонууну каалабайт. Ал эми аялдардын 22,4 пайызы жатындын ичине коюлуучу спиралды пайдаланышат.
"Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын 40 пайызы бойго бүтүүдөн сактануу үчүн заманбап ыкмаларды колдонот. Бул ыкмаларга стерилизациялоо, ийне саюу, атайын дарыларды ичүү кирет. Калктын 2 пайызы бул заманбап ыкмаларды колдонуунун ордуна жыныстык катнаштан карманышат же жыныстык катнаш процессин үзгүлтүккө учуратышат",- деп айтылат маалыматта.