Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 15 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 20 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу 17-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Токтогул районунун Сарыката айылында аянты 20 чарчы метр турак үйдүн бөлмөсү күйгөн. Өрт болгон жерден үй ээси, 1944-жылы туулган Аман Койчубаевдин күйгөн жансыз денеси табылган. Өрттүн себеби такталууда.
Сокулук районунда А.Ибрагимовго тиешелүү аянты 220 чарчы метр, жыгач устундуу, темир менен жабылган мончо өрттөнгөн. Ал эми Жети-Өгүз районунда электр жабдууларын туура эмес куроодон улам өрт чыгып, 800 түк чөп, 200 түк саман, 265 чарчы метр, жыгач устундуу, темир менен жабылган сарайдын чатыры, жыгачтан салынган полу, 12 кой күйгөн.