Орусияда төрөп, ымыркайын көп кабаттуу үйдүн тепкичине таштап кеткен кыргыз келини жоопко тартылды. Бул тууралуу 15-декабрда Краснодар шаарынын Прикубанск районунун прокуратурасынын сайтына жарыяланды.
Маалым болгондой, Орусияда 26 жаштагы келин төрөп, ымыркайын көп кабаттуу үйдүн тепкичине таштап кеткен. Ал өзүнүн абалын чогуу жашаган адамдардан жашырып жүрүп, быйылкы жылдын 23-август күнү төрөтү башталганын сезгенде өзү турган үйдүн чатырына чыгып эркек бала төрөгөн. Андан соң ымыркайын кездемеге ороп, 12 кабаттуу үйдүн тепкичине таштап кеткен. Наристе 5 сааттан кийин өтө оор абалда табылып, ооруканага жеткирилген.
Төрөгөн аял табылып, кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Ага 20 миң рубль айып салынды.