Бишкектеги №27-орто мектепте 9-класстын 5 окуучусу жана кош бойлуу мугалим газга ууланып, ооруканага жаткырылды. Маалыматты SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы ырастады.
Окуя кечээ, 16-декабрда аталган мектепте кыргыз тили сабагы учурунда болгон. Окуучулардын бири коргонуу үчүн алып жүргөн газ баллонду класс ичинде колдонуп, классташтарына көрсөткөн. Андан кийин окуучулар бейбаштыкка алдырып, андагы газды чачышкан. Бөлмө желдетилбегендиктен, кош бойлуу мугалим менен кошо 5 окуучу ууланган. Алар ооруканага жеткирилип, учурда абалдары жакшы.
Газ баллонду мектепке алып келген жана аны чачыраткан окуучулар, алардын ата-энелери Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына чакырылышты.