Ош шаарындагы Макаренко мектебинин жанында, Монуев көчөсүндө жол жарыктандыргычтары күндүз күйүп турат. Бул тууралуу 17-декабрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу окурман билдирди.
“Кеч киргенде кээ бир көчөлөр капкараңгы, жарык жок. Анан минтип жарыктардын күндүз күйүп турганы туура эмес. Негизи эле ушул Монуев көчөсүнөн көп өтүп, лампалардын жанып турганын байкайм”,- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.