Бел боо күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда кыргыз спортчулары 4 алтын, 4 күмүш жана 7 коло медаль утушту

10-13-декабрь аралыгында Орусиянын Оренбург шаарында бел боо күрөшү боюнча Дүйнө кубогу үчүн мелдеш болуп өттү. Анда 20га чукул мамлекеттин спортчулары катышып, бир катар салмак категориялары боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.

Мелдешке катышып келген спортчулар кабарлашкандай, кыргыз спортчулары анда 4 алтын, 4 күмүш жана 7 коло медаль тагынышты. Командалык эсепте улуттук курамабыз 3-орунду ээледи. Спортчулар мелдештин жогорку деңгээлде өткөнүн жана кийинки мелдештерге жакшы даярдык менен барып, мыкты жыйынтык көрсөтүү ниетин айтышты. Байге алган спортчулар төмөнкүлөр:

Алтын медаль алган спортчулар:

Кадыр Келсинбеков

Надира Сарбагышова

Зиямидин Сатыбеков

Нурбек Кожобеков

Күмүш медаль алган спортчулар:

Анара Рыскулова

Санжар Аманов

Бектур Кожомуратов

Мыктыбек Каныбек уулу

Коло медаль алган спортчулар:

Эльза Абдыкадырова

Назира Арзыбекова

Бексултан Жанышбек уулу

Дамир Мырзабеков

Чыңгыз Чалабаев

Нияз Курманкулов

Сыпатай Алымбеков

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
HUMMER
2015-12-17 13:59:57
Жакшы жылыш бар
0
karona
2015-12-17 14:32:44
Азаматтар! Мындан нары дагы коптогон ийгиликтерди каалайбыз!
0
Arslan12
2015-12-17 14:34:48
Палбан, сулуу кыздар го алга Кыргызым!
0
Elime
2015-12-17 16:19:54
Азаматтар!Дагы коптогон ийгиликтерге жетишип кыргызымдын желегин желбиретип журо бергиле!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан