"Самбо спортун кыргыз жеринде жайылтып жатканыбыз үчүн орусиялык ишкерлер бизге жардамдашса жакшы болмок" дейт федерациянын президенти

"Самбо - Орусиядан чыккан спорт түрү. Спорттун бул түрүн кыргыз жеринде жайылтып жатканыбыз үчүн орусиялык ишкерлер бизге жардамдашса жакшы болмок",- дейт федерациянын президенти Нурлан Токоноев.

Анын айтымында, Орусиянын президенти Владимир Путин Орусия Федерациясынын Самбо федерациясынын ардактуу президенти болуп эсептелинет. Кыргыз мамлекетинин президенти Алмазбек Атамбаев да Кыргыз Республикасынын Самбо федерациясында ардактуу президент. "Президенттер да расмий жолугушууларда ушул маселени карайт деген ойдобуз. Учурда мамлекет тарабынан самбого жакшы көңүл бурулуп жатат. Ошентсе да бул спорт түрүн өнүктүрүүдө каражатка муктаждык бар. Кыргыз жеринде иштеген орус ишкерлерин биз менен иштешүүгө, колдоого чакырат элек",- деди
Н.Токоноев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bond
2015-12-17 17:35:26
Тилемчилик.
0
tursunbaev2004
2015-12-17 20:51:34
милдет кылыптырго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан