Ноокат, Кызыл-Кыя жана Кадамжай райондорунда билим алган мыкты окуучулар сыйланышты

Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы Ноокат, Кызыл-Кыя жана Кадамжай райондорундагы мектептерде билим алган мыкты окуучуларды сыйлады. Бул тууралуу аталган ассамблеядан бүгүн, 17-декабрда билдиришти.

Маалым болгондой, 16-декабрь күнү Ноокат районундагы Бел айылына курулган жаңы мектепке 5 компьютер жана 1 принтер (ксерокөчүрмө сканери менен), ошондой эле эң жакшы окуган 4 окуучуга грамота, планшет жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Кызыл-Кыя шаарындагы Жинжиген жана Уркия Салиева атындагы эки мектептин эң алдынкы окуучуларына да грамоталар, планшеттер жана акчалай сыйлыктар берилди. Муну менен катар ушул эле мектептерде билим алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына кышкы жылуу кийимдер жана бут кийимдер таратылды. Бул күнү жалпысынан 12 планшет, 50 окуучуга кышкы күрмөлөр менен бут кийимдер тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан