ЭЛДИК КАБАР: Кыргыз жергесинин эң улгайган жарандарынын бири 1900-жылы туулган Гүлсана Курбанова 4000 сом гана пенсия алат

Кыргыз жергесинин эң улгайган жарандарынын бири 115 жаштагы Гүлсана Курбанова 4000 сом гана пенсия алат. Бул тууралуу 17-декабрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу окурман билдирди.

Анын айтымында, Гүлсана апанын пенсиясы турмуш-тиричилигине жана дары-дармегине жетпей жатат.

“Гүлсана апа Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Маргун айылында эң кичүү баласы жана келини менен жашайт. Эненин 4 баласы, 37 небереси, 114 чөбөрөсү, 94 кыбырасы бар. Анын жолдошу согуштан жарадар болуп келип, кийин көз жумган. Эне орок оруп эмгектенген. Азыр ошондогу эмгеги баалана элек, анткени оорукта иштегендиги тууралуу документи күйүп кетиптир. Жергиликтүү бийлик көңүл буруп, пенсиясын көтөрүп берсе жакшы болмок",- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
TOMMYHILFIGER
2015-12-17 23:48:40
Байкуш эне ден соолук каалаймын сизге чын журоктон!!!!
+3
modem4999
2015-12-18 00:46:48
Эми бул апанын омур жашын эле тилейбиз да жардамга деле муктаж болбосо керек ушунча небереси турса жиберген адам смартфонго муктаж болуп атса керек да озу
+3
begai93
2015-12-18 04:06:24
Кудайым баарыбызга эненикиндей узуун омур насип кылсын! А энеге ден соолук дагы да кудайым берген омурдо эч оорубай, ден соолукта болушун каалайм!
+1
begai93
2015-12-18 04:12:29
Менин оюмча бул уй булоолор ото жакшы турушпаса керек эгер бай болгондо Мамлекеттен качаанле сыйлык алып беришмек!
0
raia
2015-12-18 08:08:43
Эне10баланы бакса,оно биригип бир энени бага албайт деген соз бар го.Эми бул энени окмот караса да жарашат,колубуздан келсе биз карасак деле жарашат.Анткени бул эне согуш маалында,жокчулук заманда тылда иштеп,элим,журтум деп майышпай иштешкен.Ушул заманды сактап калган энелердин бири.Орук маалында иштеген энелер деп озунчо сый урматы бар го,алар учун акча болунот,райондогулар оздору чечип койсо да болот.Эне 200го чыга беле коп болсо бир эки жыл жардам берсе сооп деле болот.Кылым карыткан ЭНЕ бар
+2
raia
2015-12-18 08:09:51
бар болунуз,аман болунуз!
0
tabyshmak
2015-12-18 09:23:17
Энеге бекем ден-соолук каалап, коп жашаныз демекчимин. Эненин учурдагы турмуш шарты жакшы же жаман экенине карабай мамлекеттен жардам берилсе ашыкча болбойт. Анткени, 115 жашты Кудай ар кимге эле буйруй берген эмес. Бул энени улуу эне катары сыйлап, жок дегенде майрамдарда кубантып турса Кудай нараазы болбос. "Каарысы бардын ырысы бар" дейт. Бизде ошондой улууларыбыздын бар болгону эн жакшы. Анан да эненин эмгегин баалоо керек согуш учурундагы. Куйуп кеткен документин кайрадан калыбына
0
DUNI
2015-12-18 09:24:16
115жашка 4мин сом пенсия толонгону уят.согуш маалында туулган кээ бир эне аталарыбыз документ туурулап согуштун,тылдын ардагери деп канчалаган акчаларды алып
журушот.
+1
tabyshmak
2015-12-18 09:26:07
келтирууго кантип болбосун? Ошол документти берген орган учурда жоюлуп кеткен чакта деле ал органдын бугунку кундо укук улантуучусу бардыр. 4 000 сом эмне деген акча? 4 000 сом менен базарга барсан сумкан толбойт.
0
Erkin.89
2015-12-18 12:38:52
Ошо 114 чөбөрөсүнүн бирөө эле жөнөтүп койгонго дейм смартфон эске түшүп.Башка адам болгондо паспортту өсүп кеткен тырмагы менен кармабай апанын өзүн тартып жиберет эледа.
0
B.B.Sadykov
2015-12-18 15:57:01
100 000 отунбаевага бергенден коро, ушул апага 50 000 пенсия берсенер боло. Отунбаева оорубайт деле. Бул АПА кунуго баары менен жашап калса керек.
0
Arzyw_92
2015-12-18 22:02:53
Озунун суроту жок беле, балким энени козу отуп кеткенди.
0
mira77
2015-12-19 03:38:09
Да бул кабарды жиберген кабарчы апанын уйбулоосу менен акылдашты бекен андан коро однаклассникиге жонотуп суротун класс чогултса болмок экен
0
eldish12
2015-12-19 04:18:00
ushul kabar ushul aidyn jenichuusu bolot go
0
bolotbai3
2015-12-19 07:52:59
Жанакы жогорку жактагы аппаратта иштеген(шоопур аке)Лейлектен болсо керек эле,ошол жардам берип койсо эн жакшы болмок.Бирок бул энебиздин чон балдары отуп кетсе керек да,небере чоборолоруно алысыраак чужойдой болуп калган го.Ошон учун чал кемпирлер айтат го кор болбой кетсем балдардын астында деп.Бирок бийликтегилер жардам берип койгула соопчулука.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан