Клубдар аралык Дүйнө чемпиондугу-2015: "Барселона" кытайлык клубду 3:0 эсебинде утуп, финалга чыкты. Луис Суарес 3 гол жаратты

Бүгүн, 17-декабрда Японияда футбол боюнча клубдар аралык Дүйнө чемпиондугунун жарым финалдык беттештери өтүп жатат. Алгачкы беттеште Европанын Чемпиондор Лигасын уткан испаниялык "Барселона" Азиянын чемпиону кытайлык “Гуанчжоу Эвергранд” менен беттешти. Испаниялыктар беттештин алгачкы мүнөттөрүнөн тарта топко ээлик кылып, атаандашын топсуз чуркоого мажбур кылышты. Топко ээлик кылуунун пайыздык көрсөткүчүнө токтолсок, "Барса" 70 пайыз топту ээлеп жатты.

Оюнда "Барселонанын" чабуулчусу Луис Суарес 3 гол жаратуу менен командасын финалга алып чыкты. Ал 2 голду оюнда жаратса, 1 голду пенальтиден киргизди. "Барселонанын" финалдагы атаандашы 18-декабрь түнү белгилүү болот.

Дагы бир финалдык жолдомо үчүн үй ээси "Санфречче Хиросима" аргентиналык "Ривер Плейтке" 0:1 эсебинде утулуп калды.

Кошумчалай кетсек, мелдешке Азия, Океания, Европа, Африка, Латын Америка, Түндүк Американын клубдар арасындагы чемпиондору катышты.

Барселона - Гуанчжоу Евенгард. 3:0. Луис Суарес 3 гол киргизди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
KARL-MARKS
2015-12-17 18:26:14
Суарес красавчик...
+1
kama_future_millioner
2015-12-17 18:51:48
Месссиибек корунбойтко бул оюнда
0
Kudi
2015-12-17 19:16:01
kama_future_millioner, Мессибек Неймарбектер ойнободу Неймарбек экинчи таймда ойноду алмашуудан))
0
marat_1910
2015-12-17 22:35:02
Kudi,ойногон жок неймар трамба алган
0
Nurik.180212
2015-12-17 18:54:58
Барса алга
+2
Manaskg.1
2015-12-17 21:51:24
Эн начар коргон камандам Ушул Барселона суарес катындарга окшоп тиштеп ойнойт болбойт ал биздикилердей ойнош керек
-9
beku5761
2015-12-17 22:32:43
ривер плейт барсаны утса экен
0
Rustam25
2015-12-21 02:29:16
beku5761 Ха хаа эми эмне болду, Барселона Ривер Плейтке Гуанчжоу Евенгардка киргизгендейле уч гол киргизди и чемпион болду! Барселона лучший клуб в мире!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан