Бишкекте футбол боюнча кыздар арасында шаар биринчилиги жыйынтыкталды

Бүгүн, 17-декабрда Бишкекте футбол боюнча кыздар арасында шаардын биринчилиги жыйынтыкталды. Бишкек шаардык спорт комитетинен кабарлашкандай, мелдешке 2003-2004-жылдары туулган футболчулар катышты. Анда Бишкектин спорттук мектептеринен жана футболдук клубдарынан жалпысынан 8 команда күч сынашты.

Жыйынтыгында 1-орунду "РСДЮШОР-1" командасы алды. 2-орунду №16-мектептин окуучулары багындырышса, 3-орунду "РСДЮШОР-2" командасы ээледи. Жеңүүчү команда кубокко ээ болуп, байге алган бардык спортчуларга медалдар тагылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aitbek.06
2015-12-17 21:50:15
жакшы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан