Ош. Жазында Ататүрк атындагы сейил багында балдар жана спорт аянтчалары ачылат

Ош шаарынын Ататүрк атындагы сейил багында спорт жана балдар аянтчалары ачылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-декабрда Ош мэри Айтмамат Кадырбаев Түркиянын премьер-министринин аппаратынын Кыргыз Республикасындагы "Тика" кызматташтык жана өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Сейит Али Авжу менен жолугушту.

Иш-чарада тараптар Оштун мэринин аталган сейил бакта спорт жана балдар аянтчаларын ачуу боюнча сунушу талкууланды. Түрк тарап кийинки жылдын жазында аталган сейил багында, Черёмушки кичи районунда сунушталган аянтчаларды ачууну убадалашты.

Мындан тышкары жолугушууда шаарды өнүктүрүү жана мындан ары кызматташуу маселелери талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
boss1991
2015-12-18 11:30:34
Онуго бер оркундой бер Ош.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан