Ош облусунун Жапалак айыл аймагына караштуу Тээке айылында Мырзаев атындагы №45-мектептин
спортзал, жыйындар залы жана ашканасынын ачылыш аземи болду. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Ош мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул иштерди аткарууга жергиликтүү бюджеттен 13 миллион 711 900 сом акча каражаты бөлүнгөн. Курулуш иштери 2015-жылдын июнь айында башталган. 6 айдын ичинде курулуш-оңдоо иштери аяктап, мектептин спорттук залы, ашканасы, жыйындар залы жана отканасы пайдаланууга берилди.
Мэриядан билдиришкендей, иш-чарага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары, айылдагы ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.