Кечээ, 17-декабрда "Шериктештик Кубогу-2016" мелдешине катыша турган 8 команда чүчү кулактын негизинде төрт-төрттөн 2 тайпага бөлүнүштү. Жыйынтыгында мамлекетибиздин олимпиадалык курамасы Беларусь, Казакстан жана Молдованын олимпиадалык курамалары менен биргеликте "А" тайпасынан орун алды.
"А" тайпасы: Беларусь, Кыргыз Республикасы, Казакстан, Молдова.
"В" тайпасы: Латвия, Эстония, Орусия, Тажикстан.
Кошумчалай кетсек, аталган мелдешке 21 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн олимпиадалык курамалар катышат. Мелдеш 16-24-январь аралыгында Санкт-Петербург шаарында өтөт.