Клубдар аралык Дүйнө чемпиондугунун финалында испаниялык "Барселона" менен аргентиналык "Ривер Плейт" беттешет. Финалдык беттеш 20-декабрда орун алат. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, жарым финалда Европанын Чемпиондор Лигасын уткан "Барселона" Азиянын чемпиону, кытайлык "Гуанчжоу Эвергранд" клубун утту (3:0 эсебинде). Ал эми экинчи жарым финалдык беттеште үй ээси "Санфречче Хиросима" аргентиналык "Ривер Плейтке" 0:1 эсебинде утулуп калды.
Кошумчалай кетсек, акыркы жылдары аталган мелдеште финалда Латын Американын жана Европанын клубдары өз ара ойноп келишет. Беттештердин басымдуу бөлүгү европалык клубдардын жеңиши менен аяктайт.