ЭЛДИК КАБАР: "Ноокаттан Ош - Эркеч-Там жолундагы мал багуучу жайга 300дөй эшек алынып келинди"

"Ноокаттан Ош - Эркеч-Там жолунун 28-чакырымындагы мал багуучу жайга эшектерди алып келишүүдө. Учурда бул жайда 300-350 эшек багылып жатат. Аларды Ноокаттан милиция кызматкерлери өздөрү коргоп алып келишкени айтылууда",- деп бүгүн, 18-декабрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу окурман билдирди. “Эшекти багып саткандарды өкмөт тезинен жоопко тартышы керек. Канчалаган адам эшектерин жоготуп жатат. Эшек эттери базарларда сатылып жатат деген коркунуч бар”,- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (50)
kabyl93
2015-12-18 17:06:07
Уят уят зээнип кейип кетти коруп алые
Акча десе эле сата бересинерби
Ойлонгулачы аз маз болсо да бийликтегилер. Каркыра жайлоосун сааттынар казактарга , озбектерге савет абадты саттынар орустарга кыргыз газды 1 доллар га саттынар газ эми арзандайт дединер эле тетирисинче кымбаттады деги эмне сатып алдынар ушул 25 жылдын ичинде кыргызстан гранттардын мигрантардын эсебине жашап калды кийин биз эле эмес озунордун небере чеберенер наалат айтат силерге ойлонгула
+4
88inara88
2015-12-18 17:09:12
Кызыл китепке киргизбесе эки жылда бирда эшек калбай калат.
+3
abdumalik.kg
2015-12-18 17:22:49
арасында менин жоголгон эшегим журот гооо :(
+3
aziz.k
2015-12-18 22:08:40
abdumalik.kg,тааныдынбы
0
Sayasatchy_bala
2015-12-18 17:41:54
Ички иштер министрлиги жана бийликтегилер жада калса эшек бизнесинин артында ушулар турат бул эн уят нерсе. Кыргыз элим качан ушундай ишке аралашчу эле, азыр акча десе элди эшекке тенеп калды бийликтегилер бул кыргыз элинин атам замандан бери сакталып келе жаткан каада салттын, ыймандыктын, тазалыктын, акыл эстин жоголуп баратканынын белгиси! Кагылайын кыргыз элим ойлон онол болбосо Чынгыз Айтматов айткандай манкурт болуп баратабыз!
+3
Nurik_1112
2015-12-18 17:45:06
Эшектер, Эрдоган , Путин эле болуп калдыго жанылыктар )))
+2
Arslan12
2015-12-18 19:19:15
Nurik_1112,Биздеги жанылык жаман болуп жатат баарынан!
0
maks83
2015-12-18 17:53:59
кыскасы *** экенсинер биздин чондор.соз жок.
+1
nurik2103
2015-12-18 18:02:10
туздап дагы деле елдерге сатып жаткаж жокпу?
+1
elchi84
2015-12-18 18:22:43
Турмодон адамдар качып канча кун Кыргызстанды коркутту?А биздин милиционерлер эшектерди коргоп кай жакта журушот.Бул бизнес акча!Сат!сат!сат!сат!саааат! Деген ыр уланып жатат окшойт.
+1
Gulya21
2015-12-18 20:35:47
Ушу эшектин окуясы эч эле бүтпөс болдуда
+1
Nasi1981
2015-12-18 21:14:15
Эшек темасы жылдын эн популярдуу темасы болду окшойт.
0
aziz.k
2015-12-18 22:11:12
Nasi1981,сыйлык бериш керек эшектерге а
0
Eli75
2015-12-19 00:33:34
Мынча эшекти багып эмне кылыт?
0
33SUUN
2015-12-19 00:57:56
Кичинекей кезимде эшекти жаман корчуу элем,Эми буларга боорум ооруй баштады.Жаман эле болду булардын азыркы доору.Бул байкуштар илгери оз ажалдары менее гана олушчуу эле...
0
mira77
2015-12-19 03:25:05
Мммм..соз жок
0
Aviator
2015-12-19 13:39:49
эшек жайлоо го.
0
Moskva.kg
2015-12-20 02:33:31
Кытайлар эч нерсе койбойт турган болушту таш бака жылан бака чегиртке ит мышык эми эшектерди жеп жатышат тфу тфу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан