Бишкек. Студенттер дипломдук иш катары жасаган кийимдер коллекциясын көрсөтүштү (фото)

Бүгүн, 18-декабрда Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин буюмдарды көркөм долбоорлоо кафедрасы 20 жылдыгын белгиледи.

Белгилүү болгондой, 1995-жылдан бери кафедра 500дөн ашуун модельер-дизайнерлерди окуткан. Алардын көпчүлүгү учурда тигүү тармагында, мода журналдарында эмгектенип келишет. Мааракелик иш-чарага кафедранын бүтүрүүчүлөрү, дизайнерлер, окуу жайдын окутуучулары катышышты. Анда студенттердин кийимдер коллекциясы, дипломдук иштери көрсөтүлдү.

Дал ушул окуу жайды алгачкылардан болуп аяктаган Айдай Асангулова: "Мен дагы 500 студенттин бири болом. Бүгүнкү майрам менен куттуктайм! Бизге татыктуу билим бергениңиздерге ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Турмушка керектүү, пайдалуу билим алдык деп ойлойм. Мени менен бүткөн бардык бүтүрүүчүлөр өзүбүздүн тармакта иштеп жатабыз. Учурда кыргыз кийимдерин реконструкциялоо менен алектенип жатам",- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nurtilek001
2015-12-19 13:51:13
Оо ийгилик жакшы экен,озум окуган окуу жайда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан