Келе жаткан жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу Бишкек шаардык милициясы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Экологиялык-техникалык инспекция менен биргеликте пиротехникалык каражаттар сатылуучу жайларда рейддерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган каражаттарды сатуунун талаптарын жана тартибин бузган жарандар административдик жоопкерчиликке тартылышат.
Бишкек шаардык милициясы эскертет:
- пиротехникалык каражаттарды техникалык талаптарга ылайык гана колдонуу кажет;
- жанында ата-энеси жок өспүрүмдөргө пиротехникалык каражаттарды бербеш керек;
- пиротехникалык каражаттарды эл чогулган жерде жана тез жарылуучу заттардын жанында колдонбоо керек;
- иштетилип жаткан пиротехникалык каражатты адамга каратып аттырбаш керек.