Ош шаарында Эл аралык мигранттар күнүнө карата Кызмат көрсөтүүлөр күнү өткөрүлдү

Бүгүн, 18-декабрда Ош шаарында Эл аралык мигранттар күнүнө карата Кызмат көрсөтүүлөр күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чаранын жүрүшүндө аймактардан келип кыйынчылыктарга учурап жаткан ички мигранттарга кеңештер берилди. Ага мэриянын Социалдык өнүгүү, Аймактык гуманитардык форумдун, Социалдык коргоо башкармалыгынын, Оштун мэриясынын аймактык кеңештеринин жана саламаттыкты сактоонун өкүлдөрү катышты.

Айта кетсек, Ош шаарында ноябрь айында тегерек стол өтүп, анын алкагында ички мигранттарды жашаган жана жүргөн жерине жараша каттоо маселеси каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан