Футзал боюнча улуттук курама команда 2016-жылы өтө турган Азия чемпиондугуна даярдыгын улантууда. КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, учурда курам Москвада машыгуу сборун өткөрүп жатат. Команда 17-декабрда москвалык "Динамо" клубу менен беттешип, 2:6 эсебинде утулуп калды. Кыргыз футболчуларынан голдорду Уланбек Байгазы уулу менен Манас Абдрасул уулу киргизди.
Кошумчалай кетсек, Азия чемпиондугу 2016-жылы 10-21-февраль аралыгында Ташкент шаарында (Өзбекстан) өтөт. Анда футболчуларыбыз “А” тайпасында Өзбекстан, Ливан жана Сауд Арабиясынын курамалары менен ойношот.