Бүгүн, 19-декабрда саат 18:00дө Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн башкы жаңы жылдык балатысы жандырылды. Эми кооздолгон балаты Жаңы жылга чейин жана андан кийин да шаардын борбордук аянтына көрк берип турмакчы.
Иш-чара алкагында мэр Кубанычбек Кулматов сөз алып, шаардыктарды жана шаар конокторун келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктады. "Биз бүгүн балатыны жандырууга чогулдук. Жандыруу аземи биздин жакшы салтыбыз болуп келет. Ушул күн сиздерге бактылуулукту, жыл жаңырган соң жакшылыктар көп болот деген ишенимди тартууласын. Келе жаткан жаңы жылыңыздар менен!"- деди мэр.
Иш-чара чакан концерттик программа менен коштолууда.